Сот тутумунун 100дөн ашык ардагери Жогорку соттун медалы менен сыйланды
Жогорку сотто бүгүн сот тутумунун 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Мааракелик иш чаранын алдында сот тутумунун ардагерлеринин эмгегин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому менен 100дөн ашуун мурдагы судьялар сыйланды.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүндө, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун калыптануу жана өнүгүү жолу өлкө тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана жалпы мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт деп белгиледи.
"Бүгүнкү муун мурдагылардын эмгегин жогору баалайт. Сот системасынын кызматкерлери өмүрүн сот адилеттигине арнаган жана судьялардын бир нече муунун татыктуу тарбиялаган отставкадагы судьяларга ыраазычылык билдиришет", - деди өз сөзүндө Замирбек Базарбеков.
Жогорку соттон кошумчалашкандай, ыындан тышкары, Жогорку соттун Аппаратынын бир катар кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.