Ашкана бычагы менен көкүрөк урган. Токмокто жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектелген аял кармалды
16 март

Ашкана бычагы менен көкүрөк урган. Токмокто жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Чүй облусунда жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирет. 

Маалыматта айтылгандай, окуя тууралуу билдирүү 15-мартта болжол менен саат 06:47 чамасында түшкөн. Анда Токмок шаарынын 3-кичи районундагы бир батирде бычактан жаракат алган эркек киши табылганы тууралуу маалымат айтылган.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге Токмок ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. 3-кичи районундагы батирлердин биринде жүргүзүлгөн кароо учурунда, отурган абалда, 1980-жылы туулган М.Б. аттуу жарандын көкүрөк тушуна сайылган-кесилген жаракат алган жана өлүк денеси табылган.

Бул факт боюнча КР КЖКнын 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда, бул дене жаракатты жарандык жубайы-1974-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кылгандыгы аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча, эки жарандын ортосунда чыккан оозеки чырда К.Ж. ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна урган, натыйжада жолдошу окуя болгон жерде каза болгон.

Жабырлануучу М.Б.нын денеси Токмок шаардык моргуна жеткирилген. Окуя болгон жерден бычак алынган жана тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

КРнын КЖПКнын 96-беренесинин алкагында, 1974-жылы туулган К.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө улантылып жатат.