Мавлянова: Коргоо министрлигинин кызматкерлери аз айлык, көп премия алышат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуу учурунда, айрым мамлекеттик кызматтарда эмгекчилердин укугу бузулуп жатканын билдирди.
Айтымында, Коргоо министрлигинде кызматкерлердин көбүнүн айлыгы аз көрсөтүлгөн. А калган сумманы премия түрүндө алышат.
“Аны менен кызматкерлердин эмгек укуктары бузулуп жатат. Анткени премия түрүндө алганда социалдык төлөмдөр төлөнбөйт дагы, кийин пенсияга чыкканда суммасы аз чыгат”, – деди депутат.
Ал Эмгек министрлигин ушул жагдайга көңүл бурууга чакырды.
