ТИМ кыргызстандыктарды АКШдагы нааразылык акцияларына катышуудан алыс болууга чакырат
Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларында улантып жаткан көчө демонстрацияларын эске алуу менен Тышкы иштер министрлиги дагы бир ирет аталган өлкөнүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз коопсуздугуна жогорку деңгээлде көңүл бурууга чакырат.
Министрлик туруктуу чыңалууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарына нааразылык акцияларына катышуудан алыс болууга жана демонстрациялар, митингдер же башаламандыктар менен коштолушу мүмкүн болгон башка массалык чогулуштар өткөрүлүп жаткан жерлерден оолак болууну сунуштайт.
"Зарыл болгон учурда кечиктирбестен Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылуу керектигин эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.
