Кыргызстанда жарандык авиация кызматкерлери үчүн ИКАОнун адистештирилген окутуу курсу өтүүдө
25 декабрь

Кыргызстанда жарандык авиация кызматкерлери үчүн ИКАОнун адистештирилген окутуу курсу өтүүдө

2025-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин (ЖАМА) базасында ИКАО тарабынан уюштурулган «ICAO Government Safety Inspector – Operations: Air Operator Certification (GSI OPS EN)» аттуу атайын окуу курсу өтүп жатат. Бул курс ЖАМАнын кызматкерлери үчүн арналган.

Программа ICAO TRAINAIR PLUS тармагына кирген ИКАО инструктору тарабынан, эл аралык ICAO TRAINAIR PLUS программасынын катышуучусу болуп саналган Кувейттеги Авиация жана технологиялар колледжинин уюштуруучулук колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Курска ЖАМАнын учуу коопсуздугу боюнча алдыңкы инспекторлору катышууда. Окутуу алардын учууларды аткаруу жана авиациялык эксплуатациялоочуларды сертификациялоо жаатындагы эксперттик компетенцияларын тереңдетүүгө, ошондой эле аба кемелеринин операторлоруна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган.