Чүйдө жашы жете элек кызды уурдаган деп шектелген топ кармалды
Чүйдө жашы жете элек кызды уурдаган деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу аталган облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 22-декабрында болжол менен саат 21:00дө Аламүдүн РИИБге Васильевка айылында белгисиз адамдар күмүш түстөгү авто унаа менен 2008-ж.т. жашы жете элек К.Х. аттуу жаран кызды уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт мыйзам чегинде катталып, Сосновкадагы көзөмөл-өткөрмө жайында күмүш түстөгү Honda Step үлгүсүндөгү авто унаа токтотулган. Аталган авто унааны 1995-ж.т. А.А. аттуу жаран башкарып, ичинде 2008-ж.т.К.Х. атту кыз; калгандары 2005-ж.т. Б.А.; 2001-ж.т. К.М.; 2008-ж.т. Б.М.; 2009-ж.т. К.А.; 2008-ж.т.К.Я.; 2008-ж.т.К.А. аттуу жарандар окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Аламүдүн РИИБге жеткирилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2005-ж.т. Б.А. аттуу жаран никеге туруу максатында алдын ала тааныштары менен сүйлөшүп алып, жогоруда көрсөтүлгөн авто унааны ижарага алып, жашы жете элек К.Х.ны өз үйүнүн алдынан уурдап кеткендиги аныкталган. Жашы жете элек кыздын апасы А.Н. аттуу жаран күнөөлүү адамдарга карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.
