Аламедин-1 кичи районунда ичүүчү суу жок болот
Аламедин-1 кичи районунда 20-майда саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району:
Калинин көчөсү, Токмок көчөсү ошондой эле Аламедин-1 кичи району.
Өчүрүлүүгө туш болгон абоненттер:
- Аламедин-1 №№77, 78, 79, 80, 81, 82, 83, 84, 85, 29, 30;
- КОСУ –Загорский көчөсү, 34а;
- Музыкалык мектеп Аламедин-1 №76/1.
Суу түтүктөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
