Биз мыйзам таза адамдарга – калкан, а кылмышкерлерге – кылыч болчу Кыргызстанды куруп жатабыз, – президент
25 декабрь

Биз мыйзам таза адамдарга – калкан, а кылмышкерлерге – кылыч болчу Кыргызстанды куруп жатабыз, – президент

Бүгүн Бишкекте IV Элдик курултай өтүүдө. Мамлекет башчы Садыр Жапаров жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

Айтымында, антикоррупциялык реформалар толук жыйынтыкка жеткиче улантылат. Мында эрежелер ачык жана так: уурдасаң – камаласың, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоносоң – камаласың, пара берсең жана алсаң – камаласың. 

“Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш белгилүү бир кылмыш топторун жок кылуу менен чектелбейт. Биз ондогон жылдар бою криминалды күчөткөн, багып келген жашыруун схемаларды ачыктап, тамырын кыйып жатабыз. Туруктуу күрөштүн аркасында УКМК, прокуратура, ИИМ соттолгон кылмышкерлерден жана коррупционерлерден жүздөгөн миллиардаган сомдорду бюджетке кайтарышты. Булар – мурда криминалдар менен коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип турган мамлекеттин, элдин ырыскысы болчу. 

Биз базалануу жолундабыз жана андан артка кайтпайбыз”, – деди президент. 

Ошондой эле, мамлекет башчы “мыйзам – таза адамдарга калкан, а кылмышкерлерге кылыч боло турчу Кыргызстанды” куруп жатышканын белгиледи.