Мамлекеттик ипотекага эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн кезекке турууга болот
Мамлекеттик ипотекага эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн кезекке туруу мүмкүн. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты.
«Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары жеңилдеди – болгону 2–3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен бериле алат.
Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге жеткиликтүү болуп баратат», - деди ал.
