Таш-Мойнок айылында жаңы заманбап эс алуу жайын куруу пландалууда
Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында жаңы заманбап эс алуу жайын куруу пландалууда, деп билдирет Мамкурулуш агенттиги.
Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү №8 контурунун 0,30 га аянтын эс алуу аймагына трансформациялоонун долбоору иштелип чыкты.
Долбоор жергиликтүү органдарга сунушталды.