Транспорт департаменти айып бузуулардан 3 айда бюджетке 69,3 млн сом түшүрдү
Транспорт департаменти айып бузуулардан 3 айда бюджетке 69,3 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде транспорттук көзөмөл пункттары менен станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу 189 миң 396 унаа текшерилди.
Транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол түзүлүп, 3 млн 562 миң сом айып пул салынган.
Анын ичинен чектелген салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 млн 465 миң сомго айып пул, эл аралык жүк ташуулардын тартибин сактабагандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 млн 860 миң сомго айып пул салынган.
Мындан тышкары, ашыкча салмак жүктөп алгандан түшкөн жыйым 2 млн 557 миң сом, бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксат берүүдөн 36 млн 791 миң сом, көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты берүүдөн 1 млн 114 миң сом жыйым чогулду.
Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69 миң 313 миң сом түшкөн.
Министрликтен белгилешкендей, Транспорт департаменти 21 транспорттук көзөмөл пунктта салмак-габариттик көзөмөл жүргүзөт.
Ошондой эле транспорттук көзөмөл аракеттери мобилдик топ аркылуу да ишке ашырылат.
