МСК: Мүлк салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө туум эсептелет
22 июль

МСК: Мүлк салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө туум эсептелет

2026-жылы кыймылсыз мүлк салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө айып салынбайт, бирок карызга туум эсептелет. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башкы инспектору Бакыт Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрдан кийин төлөнбөй калган салык милдеттенмеси салыктык карыз катары эсептелет.

Андан ары салык органдары мыйзамда каралган карызды өндүрүү жол-жоболорун колдоно алышат.

Иманкулов белгилегендей, мүлк салыгынын суммасы, адатта, чоң эмес. Ошондуктан жарандарга төлөмдү алдын ала жүргүзүү сунушталат.

Салыкты августтун акыркы күндөрүн күтпөстөн, салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде эсептелген сумма көрүнөрү менен эле төлөп коюуга болот.