Мындай кылмышка эч кандай актануу жок — Камчыбек Ташиев аялын атып салган окуя боюнча 
25 декабрь

Мындай кылмышка эч кандай актануу жок — Камчыбек Ташиев аялын атып салган окуя боюнча 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте ажырашкандан кийин аялын атып өлтүрүргөн окуя боюнча үн катты.

Ал ким аялга кол көтөрсө, айрыкча курал колдонсо, ага жоопкерчилик катуу болорун айтты.

«Кечээ бүтүндөй өлкө жүрөк ооруткан жана нааразычылык жараткан кайгылуу окуя тууралуу укту. Анын натыйжасында үч баланын энеси болгон аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары ачык айтышым керек: мындай кылмышка эч кандай актануу жок жана болушу да мүмкүн эмес.

«Үй-бүлөлүк жаңжал», «эмоция», «алкоголь» же «жеке жагдайлар» тууралуу сөздөр адам башка бирөөнүн өмүрүн муздак кандуулук менен кыйганда маанисин жоготот. Айрыкча аялды, айрыкча энени. Бул тиричилик чыры эмес. Бул — адам өлтүрүү.

Мамлекет аялдарды жана балдарды катуу коргоого милдеттүү жана коргойт. Ким аялга кол көтөрсө, ал тургай курал колдонсо, жоопкерчилик катуу жана сөзсүз болорун түшүнүшү керек. Мындай учурларда мыйзам эч кандай ырайымды билбейт.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, күнөөлүү адам мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазаланат. Бул — принципиалдуу позиция. Отчет үчүн эмес, адилеттик жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн», - деди ал.

УКМК башчысы каза болгон аялдын балдарына жана жакындарына көңүл айтып, мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экендигин баса белгиледи. 

Эске сала кетсек,  Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде аял киши мурунку жолдошунун колунан ажал тапты.

Каргашалуу окуя 23-декабрда саат 21:00 чамасында болгон.

Маалым болгондой, 102 кызматына маалымат түшүп, окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөтүлдү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мурунку жолдошу 1978-жылы туулган У.Ж. менен 1977-жылы туулган У.Б. аттуу аялдын ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Чыр-чатак учурунда эркек киши өзүнө катталган "МР-79" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчадан аялга карата ок чыгарып, ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду.

Бул факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү У.Б. кылмыш жасалгандан кийин дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.