Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Программа
www
16 март

Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Программа

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 20-март Орозо айт күнү жума мечиттерде айт намазы төмөнкү тартипте өткөрүлөт:

• 07:30 – 08:00 – Куран окуу

• 08:00 – 08:25 – Диний баяндар

• 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби боюнча түшүндүрмө

• 08:30 – Айт намазын окуу.

  • Ошондой эле тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен намаздын убактысы жергиликтүү шарттарга жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн экени белгиленди.