ИИМ мамлекеттик органдар менен биргеликте чет элдик жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрдү
21 июль

ИИМ мамлекеттик органдар менен биргеликте чет элдик жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Республиканын аймагында эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Иш-чара миграциялык мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу жана чет элдик жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптары, чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишин жүргүзүү тартиби, ошондой эле укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.

Жолугушууда мыйзамдарды так сактоого, өлкөнүн салттарына жана маданиятына урматтоо менен мамиле кылууга, коомдук тартипти жана жол эрежелерин сактоого, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда компетенттүү мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.