Асыл тукум чарбаларды жана жасалма уруктандыруу пункттарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилди
Кагаз жүзүндө документ жүгүртүүнү кыскартуу жана асыл тукум мал чарбачылыгы тармагында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында асыл тукум субъектилерин — чарбаларды жана фермаларды, ошондой эле, жасалма уруктандыруу пункттарын эсепке алуу үчүн бирдиктүү автоматташтырылган платформа иштелип чыкты.
Платформа ошондой эле, асыл тукум заводунун, чарбасынын статусун алуу үчүн электрондук арыз берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Системаны иштеп чыгуу "Агросмарт" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды. Учурда анын тестирлөөсү жүрүп жатат.
"Асыл тукум субъекттердин жана жасалма уруктандыруу пункттарынын электрондук реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы камсыз кылат:
- асыл тукум документтерин жүргүзүүнүн ачыктыгы,
- табыштамаларды иштеп чыгуунун ыкчамдыгы,
- тактыгы жана маалыматты сактоо.
Платформа төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://gosplem.agrosmart.gov.
