Москвада жол кырсыгынан алты кыргызстандык жаран жабыркады 
www
16 март

Москвада жол кырсыгынан алты кыргызстандык жаран жабыркады 

Москвада жол кырсыгынан кыргызстандык жарандар жабыркады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы  2026-жылдын 14-мартында Жаңы Москванын Калуга шоссесинин 45-чакырымында (Троицк жана Новомосковск административдик округдары – ТиНАО) катталган. Анда экскурсиялык автобус жана Кыргызстандын жарандары да болгон Volkswagen кичи автобус кагышкан.

Жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо максатында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу ошол эле күнү Москва шаарынын ТиНАО боюнча МАИнин бөлүмүнө барган.

Консулдук чыгуунун жүрүшүндө жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 6 жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат алынды, алар жол кырсыгы болгон учурда кичи автобуста болушкан.

Жабыркагандар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, Москва шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилди, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.