Жолду капиталдык оңдоо: бүгүн Жибек-Жолунун айрым бөлүгү жабылат
18 сентябрь

Жолду капиталдык оңдоо: бүгүн Жибек-Жолунун айрым бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Билдирүүдө айтылгандай, бүгүн 18-сентябрда Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.