Кыргызстан менен Казакстан парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 11-июнда Казакстандын Астана шаарындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен баарлашты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча ой бөлүштү.
Андан тышкары, өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу сөз кылган парламент жетекчилери алдыда жасала турган иш-аракеттерди талкуулашты.
Эскерте кетсек, кечээ 10-июнда Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин III жыйыны өткөн. Бүгүн, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги отурумдары башталды.
