Москвада сот жаш кыздын өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыкты камакка алды, экинчиси издөөдө
5 июнь

Москвада сот жаш кыздын өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыкты камакка алды, экинчиси издөөдө

Москвада сот батирлердин биринен сөөгү табылган кыздын өлүмү боюнча ишке шектелип жаткан Кыргызстандын жаранына карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Шектүү 19-июлга чейин камакка алынды.

Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, ал кылмышка Кыргызстандын дагы бир жараны менен биргеликте катыштыгы болушу мүмкүн. Экинчи шектүү окуядан кийин Россиянын аймагынан чыгып кеткен жана учурда издөөгө жарыяланган.

Иштин материалдарында белгиленгендей, кыз 8-май күнү байланышка чыкпай калган. Байкоо камералары анын ошол эле күнү кечинде жашаган үйүнүн подъездине киргенин каттаган, андан кийин ал дайынсыз жоголгон.

Тергөө учурунда шектүүлөрдүн бири мурда маркум кыз менен бир батирде жашаганы аныкталган. Ага кыздын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон дене жаракаттарын келтирген деген айып тагылууда.

Кыз дайынсыз жоголгондон кийин издөө иш-чаралары башталып, анын жүрүшүндө анын сөөгү табылган.

Учурда тергөө органдары окуянын бардык жагдайларын жана ар бир шектүүнүн ролун тактоону улантууда. Шектүүлөрдүн бири камакта болсо, экинчисине сыртынан айып тагылып, издөөгө алынган.