ССМ жана ДССУ саламаттык сактоону санариптештирүүнү туруктуу диалог аркылуу илгерилетүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билддирет.
Жолугушууда Саламаттык сактоонун Бирдиктүү санариптик экосистемасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары сунушталып, төрөлүүлөрдү санариптик каттоо, электрондук эмдөө системасы, жарандын санариптик медициналык картасы, электрондук эмгекке жарамсыздык кагаздары сыяктуу кызматтар жөнүндө айтылып, бул кызматтарга «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүүлүк бар экени белгиленди.
Министрдин орун басары санариптик саламаттык сактоо тармагында улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун зарылдыгын баса белгилеп, бардык санариптик чечимдерди бирдиктүү маалымат мейкиндигине интеграциялоо маанилүү экенин белгиледи.
«Эл аралык уюмдар, айрыкча ДССУ менен өнөктөштүк – саламаттык сактоону санариптештирүүнүн системалуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо чечүүчү ролду ойнойт. Бул багыттагы биргелешкен аракеттер инновацияларды киргизүү менен бирге, жарандарга багытталган натыйжалуу санарип экосистемасын курууга өбөлгө түзөт», — деп белгиледи министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева.
ДССУ тараптан ПРООН, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан “Саламаттык сактоо тармагындагы санариптик ажырымды жоюу” биргелешкен программасы тааныштырылды. ДССУнун жетекчисинин милдетин аткаруучу Аманда Шривайз Кыргызстандын “Дени сак адам — өнүккөн өлкө” улуттук программасы жана “Санарип MED 2.0” моделинин алкагында өлкөнүн приоритеттерин колдоого даяр экенин тастыктап, санариптик демилгелерди туруктуу координациялоо жана башкаруунун маанисин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришип, биргелешкен аракеттер Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн саламаттык сактоо системасын санариптик жактан тез өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишенимин айтышты.
