Кыргызстан менен Уругвайдын ТИМ башчылары өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалдуу багыттарын талкуулашты
30 сентябрь

Кыргызстан менен Уругвайдын ТИМ башчылары өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалдуу багыттарын талкуулашты

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында 27 сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Уругвайдын тышкы иштер министри Омар Паганини менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министр Кулубаев Кыргызстан жүргүзүп жаткан көп багыттуу жана ачык тышкы саясатты белгилеп, Кыргызстандын Латын Америкасы өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу диалогду жандандырууга кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалдуу багыттарын, ошондой эле саясий консультациялар жана жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Көп тараптуу кызматташуу боюнча тараптар өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, айрыкча эл аралык уюмдардын алкагында талапкерликтерди колдоо боюнча.

Бул контекстте министр Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдардагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштаганын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Уругвай Чыгыш Республикасынын тышкы иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аркылуу эки тараптуу мамилелерди жандандыруу ниеттерин тастыктады.