Ош: Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарына поликлиника курулат
Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарына поликлиника курулат, деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, 4-июнда Ош шаарынын мэриясы менен «Аракет» долбоорунун ортосундатиешелүү келишимге кол коюлду.
Бул демилге жергиликтүү тургундардын муктаждыгынын жана коомчулуктун сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу кош каржылоонун алкагында ишке ашырылат. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.
Поликлиниканын курулушу жаңы конуштардагы миңдеген тургундар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Бул — аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири.
Долбоордун алкагында калкка сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүлүп, жергиликтүү деңгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүлөт.
Ош шаарынын мэриясы менен «Аракет» долбоорунун кызматташуусу жаңы конуштардагы жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга жана бийлик менен элдин ортосундагы диалогду чыңдоого кызмат кылат.
Маалымат үчүн: «Аракет» долбоору Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы конуштарда жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана муниципалдык кызматтарга жетүүнү жакшыртууга багытталган.
