www
5 июнь
Оштогу Алымбек-Датка эс алуу жайында заманбап музыкалык оргума курулат
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 4-июнда Алымбек-Датка эс алуу жайындагы жаңы музыкалык фонтандын курулуш иштерине старт берди.
Мэриядан кабарлашкандай, буга чейин бул жерде эски фонтан жайгашкан. Эми анын ордуна толук оңдолуп-түзөлүп, музыка коштоосунда бийлеген заманбап фонтан орнотулат.
Долбоорго ылайык, узундугу 50 метрге жеткен фонтан жарык жана музыкалык эффекттер менен жабдылат. Кечинде шаар тургундары менен коноктор үчүн өзгөчө кооз көрүнүш тартуулайт.
Мэр курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Жаңы фонтан шаардын көркүнө көрк кошуп, эс алуу жайынын эң негизги жайларынын бирине айланат.
