
Күз-кыш мезгилине даярдык. Бишкектин мэри объекттерди текшерип чыкты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күн мурун отканалардын жана шаардын башка инфраструктуралык объектилеринин 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаар башчысы негизги объектилерде, анын ичинде "Манас" отканаларын, Новопавловка айылындагы мектеп-гимназиясында, Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинде болду.
Жыйындын жыйынтыгында Айбек Жунушалиев мекеме-ишканалардын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тишелүү тапшырмаларды берди.