Жогорку Кеңеште эркин депутаттардын катары дагы бирөөгө көбөйдү
8 апрель

Жогорку Кеңеште эркин депутаттардын катары дагы бирөөгө көбөйдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова “Ынтымак Мекенчил” депутаттык тобунан чыкканы белгилүү болду. 

Ал мындан ары эч бир депутаттык топтун курамына кошулбай турганын жана өз алдынча иштээрин билдирди. 

Аны менен катар депутат Азизбек Турсунбаев “Ала-Тоо” депутаттык тобунан чыгып, “Элдик” депутаттык тобуна кошулганы айтылды. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ бар. Эки депутат – Элвира Сурабалдиева жана Эрулан Көкүлов башынан эч бир депутаттык топко кошулган эмес.