Нарын шаарында "Жоокерлер аллеясы” ачылды
“Жоокерлер аллеясы” Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин жана демөөрчү, Баткен окуясынын ардагер Руслан Мамбетов тарабынан салынып, жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, эс алуучулар үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп, чек ара кызматында курман болгон жоокерлердин маалымат такталары жайгаштырылды.
Жаңы сейил багы майрамга келген меймандардын, жетекчилердин жана аскер кызматкерлеринин катышуусунда салтанатуу ачылды.
Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы