Бишкек – Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда 
19 май

Бишкек – Ош унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда 

Өлкө аймагындагы жолдордо жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, талапка ылайык келтирүү иштери жүрүүдө, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Маалыматка ылайык, учурда №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Бишкек – Ош унаа жолунун 118-130-чакырымдар аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалууда.

Белгилей кетсек, №9 ЖТИси Бишкек-Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 2312 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат.