Москвада Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук экспозициясы ачылды
18 сентябрь

Москвада Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук экспозициясы ачылды

Москва шаарында «Крокус Экспо» эл аралык көргөзмө борборунда World Food Moscow эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын экспортко багытталган 15 компаниясынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсүнүн ачылышы өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Көргөзмө менен таанышуу учурунда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев көргөзмөнүн катышуучуларына-Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнүн даамын жана маданий мурасын чагылдырган улуттук стендде көрсөткөн табигый жана экологиялык таза продукциянын бай ассортиментин белгилеп өттү жана экспортту илгерилетүүдө жана жалпысынан Кыргыз Республикасын тышкы рынокто көрсөтүүдө атамекендик компаниялардын салымын баса белгиледи.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын экспорттоого көмөктөшүү максатында Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору У.Таиров жетектеген кыргыз делегациясы үчүн Россиянын Экспорттук борборунда, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасында, МСП корпорациясында, Москванын Соода-өнөр жай палатасында, ФГБУ «Агроэкспортто», АО «Экспоцентрде» ж.б. жайларда бир катар жолугушуулар иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсү 2024-жылдын 17-сентябрынан 20-сентябрына чейин иштейт.

Азык-түлүк ассортименти өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кургатылган жемиштер жана жаңгактар: алма, өрүк, өрүк өзөгү, компот аралашмасы.
  • Компоттор жана ширелер: алча, өрүк, кара өрүк, мохито, кулпунай, анар жана алмадан, помидордон жана өрүктөн түз алынган ширелер.
  • Джем жана кыямдар: кара өрүк, шабдалы, өрүк, малина, кулпунай, карагат.
  • Консервацияланган жашылчалар: бадыраң, помидор, калемпир, ашкабак, корнишоны ж.б.
  • Томат продукциясы: ар кандай көлөмдөгү томат пастасы, өз ширесинде помидор, томат ширеси.
  • Соус жана татымалдар: ачуу аджика, болгар лечосу, кетчуп, татымал.
  • Салттуу суусундуктар жана азыктар: курут, чалап, шербет ар кандай даамдарда, мурок (малина жана чычырканак суусундугу).
  • Чайлар жана чөптөр: түрлүү фиточайлар - Relax, Detox, Refresh, ошондой эле "Чай Кочевников", "Чай Суусамырский" жана башка атайын чайлар топтому.
  • Бал жана башка азыктар.
  • Тоңдурулган жана кургатылган мөмө-жемиштер жана жашылчалар: кулпунай, алча, өрүк, малина, кара өрүк, помидор, калемпир, брокколи, буурчак жана башкалар.
  • Сыра азыктары: "Абдыш Ата", анын ичинде "Urban 312", "Живое", "Шахтерское" компанияларынын ар кандай сорттогу пиволору,  ошондой эле "Fresh NITRO" и "Retro Cola" алкоголсуз суусундуктары.