Чаткал районунда жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Жер-Капчыгай айылында бүгүн, 23-сентябрда жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 9 миллион 46 миң сом каражат бөлүнүп, заманбап талаптарга жооп берген медициналык мекеме толугу менен курулуп бүткөрүлдү.
Жаңы ФАП Жер-Капчыгай айылында жашаган 900дөн ашуун тургунга ыкчам жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев айыл тургундарын жаңы саламаттык сактоо жайынын ачылышы менен куттуктап, ал мекеме аймак тургундарынын бакубат жашоосуна жана келечек муундун ден соолугун чыңдоого кызмат кылаарын белгиледи. Ошондой эле облус башчысы жаштарды өз саламаттыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
