Бишкектин ичинде жаңы электробустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт
23 сентябрь

Бишкектин ичинде жаңы электробустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт

Бишкектин ичинде жаңы электробустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, 2025-жылдын 25-сентябрынан тартып борбор калаада жаңы келген электробустарды шаар ичинен көрө баштайсыздар.

Алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда электробустар каттай баштайт.

Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи  пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, №66 жана №33 каттамдары  жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номурдагы каттам мурдагы троллейбустун  кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын башында Кытай Эл Республикасынан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.