Балыкчыдагы "Рембыттехника" Ысык-Көл заводу мамлекеттин балансына кайтарылды
11 июнь

Балыкчыдагы "Рембыттехника" Ысык-Көл заводу мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК Балыкчы шаары Токтосунов көчөсү 61 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 3353,8 чарчы метрди түзгөн "Рембыттехника" Ысык-Көл заводунун мүлктүк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Ошентип, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-чаралары улантылууда.