Камчыбек Ташиев жаңы партия түзөбү? 
18 сентябрь

Камчыбек Ташиев жаңы партия түзөбү? 

Анын курамына кирчүлөрдүн арасында  бир убактарда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду катуу колдоп келген Орозайым Нарматова бар. 

Кыязы, Нарматованын “макулдугун” ал  УКМКнын абагында отурганда эле алышкан окшойт. 

Партия 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү шайлоолорго жана 2026-жылы боло турчу парламенттик шайлоого катышабы же жокпу – азырынча белгисиз. 

 “Б” планын түзгөн чекист  ошондуктан “Ата Журт” долбоору соңуна чыкканын же анын акыркы планга жылдырылганын жарыялады. Андан тышкары, анда азыр “Мекенчил” партиясы бар. Демек, ар кандай саясий уюмдун жетекчилигин катуу кармап туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырай элек.