Быйыл Нарын облусунда 44 миң 45 га айдоо аянтын өздөштүрүү пландалууда
Быйыл Нарын облусунда жалпы 44 миң 45 га айдоо аянтын өздөштүрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшүнө даярдык көрүү жана аны өз убагында өткөрүүгө облус башчысынын атайын буйругу чыгарылып, штаб түзүлгөн. Аны менен иш-чаралар планы бекитилип, тийиштүү облустук мекеме-ишканалар, райондордун жетекчилиги тарабынан аткарууга алынууда.
"Жазгы айдап-себүү иштери Нарын облусунда адатта 15-20-апрелден башталат. Бүгүнкү күнгө жазгы айдап-себүү жумуштарына керектелүүчү материалдык жана техникалык каражаттар менен камсыздалып жатат", - деп айтылат маалыматта.
