Ош ОИИБ: Ноокатта алдамчылыкка шектелип мамлекеттик кызматкер кармалды
2025-жылдын 26-июнь күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө Мирмахмудов айыл аймагынын 1952-жылы туулган А.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Анда 2024-жылдын февраль айында Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн А.И. аттуу кызмат адамы Мирмахмудов айыл аймагынан 6 сотых жер тилкесин алып берем деп 1 миллион сом акчасын алдоо жолу менен алып алгандыгын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1978-жылы туулган А.И. аттуу жаран (учурда Араван районунда Дөбө-Коргон айыл аймагынын башчысы) шектүү катары кармалып, 2025-жылдын 22-сентябрында убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүү А.И. башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
