Ош: Өзгөндүн борбордук көчөлөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө
23 сентябрь

Ош: Өзгөндүн борбордук көчөлөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Өзгөн регионалдык башкармалыгы тарабынан шаардын дизайн-коду иштелип чыккан. Анын негизинде коомдук жана коммерциялык объекттерди эстетикалык жактан иретке келтирүү, көрнөк-жарнактарды жана фасаддык чечимдерди бирдиктүү стандартка өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Алсак: 

  • Өзгөн шаарынын Манас көчөсү 32 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринчи кабатындагы коммерциялык объекттер иркетке келтирилди.
  • Т.Кошиев көчөсү (“Лола” соода үйүнүн астындагы тилке жана көчөнүн боюндагы башка коммерциялык объекттер).

Ошондой эле, Манас менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен Өзгөн борбордук базарына чейинки аралыктын чыгыш тарабы дизайн-коддун талабына ылайык оңдолду.

Бул өзгөрүүлөр шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, кооз жана ыңгайлуу архитектуралык шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Башкармалык тарабынан дизайн-код боюнча иретке келтирүү иштери дагы да улантылат.