Жээнбек Кулубаев Адам укуктары боюнча Европарламенттин Кичи комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту
27 февраль

Жээнбек Кулубаев Адам укуктары боюнча Европарламенттин Кичи комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту

Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев 26-февралда Адам укуктары боюнча Европа Парламентинин Кичи комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Европа Бирлиги менен ар тараптуу кызматташуу жана тең укуктуу диалог өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы Европа Бирлиги менен укуктун үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, экономиканы диверсификациялоо, инвестициялар жана туризм тармактарында активдүү кызматташып жатканын билдирди.

Өз кезегинде делегациянын башчысы, Адам укуктары боюнча Европа Парламентинин Кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури жылуу кабыл алуу жана жолугушууларды уюштуруудагы көмөк үчүн ыраазычылык билдирди. Ал демократиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Европа Парламенти ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин ырастады. Ошондой эле Кичи комитеттин мүчөлөрү Кыргызстандын демократия жаатындагы жетишкендиктерин жана өлкөнүн адам укуктарын коргоого берилгендигин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасы өзүнүн өнөктөштөрү менен ар дайым конструктивдүү диалог жүргүзүүгө жана бардык маанилүү маселелерди, анын ичинде сезимтал темаларды талкуулоого ачык экенин дагы бир жолу ырастады.