Бишкек: Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү оңдоп -түзөө иштеринен кийин ачылат
31 август

Бишкек: Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү оңдоп -түзөө иштеринен кийин ачылат

Бишкек шаарында оңдоп -түзөө иштеринен кийин Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы ачылууда.

Оңдоо иштеринин алкагында “Бишкексууканал” МИге тиешелүү түтүктөр алмаштырылып, эски асфальт алынган, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар ысык асфальт төшөлдү, жол белгилери жана чиймелер жаңыланды.