Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасы иреттелип, кошумча имарат оңдоп түзөлүүдө
Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасы иреттелип, кошумча имарат оңдоп түзөлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүндө орун жетишсиздигин эске алуу менен роддомдун айланасындагы жеке тараптар оорукана катары ижара шартында иштетип келген имараттарды алып, төрөткананын балансына өткөрүп берүүнү тапшырган.
Ага ылайык имарат учурда бошотулуп, калаа башчысынын тапшырмасы менен толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө.
