www
20 апрель
Лейлек районунда жазгы талаа иштери 92,5%га аткарылды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Лейлек районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Лейлекте көчмө жыйын өтүп, жазгы талаа иштери, сугат суу берүү, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери, жер казынасын туура пайдалануу боюнча маселелер талкууланды.
Иш сапарынын жүрүшүндө Абдирашит Ташбалтаев ирригациялык обьектилерден кабар алып, жергиликтүү базарларды кыдырып, азык-түлүк бааларын текшерди.
Лейлек районунда жазгы талаа жумуштары 92,5%га аткарылып, сугат суу берилүүдө.
Лейлек районунун жалпы сугат аянты 14 443 га жерди түзөт.
