Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жаңы грейдер техникасы тапшырылды
11 июнь

Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жаңы грейдер техникасы тапшырылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагына жаңы заманбап грейдер техникасы расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, техниканын ачкычын КР президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев тапшырды.

Грейдер техниканын жалпы баасы 9 миллион 500 миң сомду түздү. Анын ичинен 7 миллион 775 миң сому Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан, ал эми 1 миллион 725 миң сому Жалпак-Таш өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланды.

Аймак тургундарынын айтымында, бул техниканын зарылдыгы акыркы жылдары өзгөчө сезилип келген. Айрыкча жаз жана күз мезгилдеринде жолдордун абалы начарлап, элдин ары-бери каттоосу кыйындаган. Эми жаңы техниканын жардамы менен айылдагы ички жолдорду оңдоо, кыш мезгилинде кар тазалоо жана башка техникалык иштерди ыкчам жана сапаттуу аткарууга шарт түзүлөт.