Чолпон-Ата шаарынын төрт тилкелүү айланма жолунун курулушу уланууда
видеодон алынган кадр
21 июль

Чолпон-Ата шаарынын төрт тилкелүү айланма жолунун курулушу уланууда

Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата шаарынын төрт тилкелүү айланма жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты

Долбоор мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.

Жаңы жол аймактын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат жана шаар аркылуу өткөн транзиттик унаа агымын сыртка чыгарууга мүмкүндүк берет.

Учурда курулуш иштери негизги этаптардын бирине өтүп, асфальт төшөө иштери башталды. Ошону менен катар жер төшөлмөсүн даярдоо, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана тирөөч дубалдарды куруу, ошондой эле инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери уланууда.

Жолдун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Объектте күн сайын 417 кызматкер жана 186 бирдик атайын техника иш алып барууда.

Айланма жол пайдаланууга берилгенден кийин Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүндөгү транспорттук жүк азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле транзиттик унаалардын жүрүү убактысы кыскарып, Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу транспорттук шарттар түзүлөт.