КР ТИМ
4 март
Кыргызстан менен Бахрейндин ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан менен Бахрейдин тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Абдуллатиф бин Рашидом Аль Заяни 4-мартта телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Маектин жүрүшүндө министр Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу, анын ичинде Бахрейн Падышалыгынын аймагына да таасирин тийгизген жагдайга байланыштуу боордош Бахрейн элине чын жүрөктөн тилектештигин билдирди.
Тараптар кырдаалдын жакын арада турукташуусуна, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралардын кабыл алынышына үмүт билдиришти.
