Көк-Жар кичи районунда көп функционалдуу балдар аянтчасы ачылды
6 сентябрь

Көк-Жар кичи районунда көп функционалдуу балдар аянтчасы ачылды

Анын жалпы аянты 2300 чарчы метрди түзөт.

Эс алуу зонасы Көк-Жар кичи районундагы №3 жана  №18 турак үйлөрдүн жанында жайгашкан.


«Жаңы аянтчада футбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, машыгуу аянтчасы жана шахмат столу бар. Ошондой эле аймактын периметри боюнча сугат системасы жана жарыктандыруу орнотулган. Бардык аймак брусчатка менен төшөлгөн», - деп билдиришти мэриядан.