Берлинде «Кыргызстандын балдарына жардам» аттуу кайрымдуулук кечеси өттү
4 март

Берлинде «Кыргызстандын балдарына жардам» аттуу кайрымдуулук кечеси өттү

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде 27-февралда «Кыргызстандын балдарына жардам» аттуу кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Иш-чара «Үмүт-Надежда» Балдар борборун колдоо коому тарабынан, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Кече Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн, Германиянын коомчулугун, ишкер чөйрөсүн жана Кыргызстандын досторун бириктирди.

Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчисинин орун басары А.Рыскулов чыгып сүйлөп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоого жана реабилитациялоого багытталган социалдык демилгелерди колдоонун маанисин, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоонун зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде «Үмүт-Надежда» Балдар борборунун Башкармалыгынын мүчөсү Алымкулова Айгүл Борбордун ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, анын көп жылдык тажрыйбасы, балдарды реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо программалары, жетишкен жыйынтыктары жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Германиядагы «Үмүт-Надежда» колдоо коомунун Башкармалыгынын мүчөсү Альмут Штрелов «Сүрөттөр менен коштолгон Кыргызстанга саякат» форматындагы презентациясын сунуштап, Борборду немис өнөктөштөрү тарабынан колдоо тууралуу айтып берди.

Кеченин алкагында «ArtCity» чыгармачыл бирикмесинин өкүлү Луиза Амели тарабынан «Ak Jol» сериясынан фотосүрөттөр көргөзмөгө коюлуп, ошондой эле Кыргызстан тууралуу жамаат, күнүмдүк жашоо жана кыймыл темаларын чагылдырган фотосүрөттөр жана кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук кечеси жылуу жана достук маанайда өтүп, «Үмүт-Надежда» Балдар борборун мындан ары да колдоого болгон кызыгуунун жогору экенин дагы бир ирет тастыктады.