Сарыбашев: Аскердеги кылмыштуулук жоюлбаса, келечекте жоокерлер азаят
Депутат Таалайбек Сарыбашев аскердеги “дедовщина” өңдүү көрүнүштөрдү жоюп, кылмыштуулукту жок кылынбаса, келечекте аскердик милдетин өтөөгө ынтызарланган балдардын катары азаярын билдирди.
Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
“Акыркы учурда коомчулукта “дедовщина” катуу талкууга алынууда. Чынын айтканда, кыргыз армиясында азыркыдай шарт эч убакта болгон эмес. Аскерлердин формалары, жашоо шарттары, тамак-аштары жакшыртылды. Бирок аны менен катар мектеп курагындагы балдарды аскердик милдетин өтөөгө кызыктырбасак, ушул багытта идеологияны ишке ашырбасак, анда келечекте жоокер болгусу келгендердин саны азаят. Аскердеги кылмыштуулук азайбаса, коомчулукта нааразычылык көбөйө берет”, – деди депутат.
Ошондой эле, ал аялдарга, жаш балдарга болгон зордук-зомбулукка жазаны катаалдаштырууну сунуштады.
“Аялдарга зордук-зомбулук, жаш балдарга ыдык көрсөтүү көбөйүп баратат. Бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизебизби, мындай кылмыштарды жеңил эмес, оор кылмыштардын катарына кошуп, жазаны катаалдаштырбасак болбой калды. Аялдарга зордук-зомбулук катталган учурда соцтармактарда жапырт 2-3 күн талкууга алабыз, укук коргоо органдары шектүүнү камайт, муфтият бир күн билдирүү таратат – ошону менен болду, токтоп калуудабыз”, - деди Сарыбашев.
