Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат
Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат, деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү багытында маанилүү кадам жасалып, түштүк айланма жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Кол коюуга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол-курулуш компаниясы» акционердик коомунун директору катышты.
Бул ири долбоордун алкагында жалпы узундугу 32 чакырымды түзгөн заманбап автомобиль жолун, транспорттук жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу пландалууда.
Түштүк айланма жолунун курулушу ишке ашырылган учурда шаардын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын агымын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга өбөлгө түзөт.
