Түп районунда 100 орундуу бала бакча курулууда
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Тологой айылында 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 84 миллион сомду түзөт.
Бала бакчанын курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, аймагын көрктөндүрүү жана чакан архитектуралык формаларды (МАФ) орнотуу иштери пландалууда.
Долбоорго ылайык, бала бакча заманбап үлгүдө курулууда. Анда бөбөктөрдүн тарбияланып, билим алуусу жана эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имараттын жалпы аянты 1 404 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштеринин сапаты жана аткарылышы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
