Ошто үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча окуу өткөрүлдү
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча окутуу ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу облустук милиция билдирет.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгына баш ийген аскер бѳлүктѳрүнүн командирлери жана орун басарлары катышты.
Иш-чаранын максаты - үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөөнү жүзөгө ашыруучу субьекттердин кызматташуусун бекемдөө, зомбулук жасаган жарандардын мыйзам алдында каралган жоопкерчилигин коомчулукка жеткирүү жана зомбулуктун алдын алууну ар бир инсан өзүнөн баштап, башкаларга да жеткирип, үлгү болууну колго алуу болуп саналат.
