Шашылыш билдирүү. Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот
11 июнь

Шашылыш билдирүү. Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ мындай учурунда коопсуз жайларда болуу керектигин билдирет.

Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.